Сузакта эки көмүскө медреселердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

0
726

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан эки жашыруун хужра тибиндеги медреселердин ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. 

Мекеменин маалыматына караганда эркектер жана кыз-келиндер үчүн медереселер Сузак районунун Тотуя айылында  орун алган. Алар 2022-жылдын аягынан бери иштеп келатканы аныкталган.  

Эркектер медреседсинде 9 жаштан 18 жашка чейин 25тен ашык балдар окушкан. Алар медресенин аймагында жашашкан жана күн сайын танкы сегизден кечки саат бешке чейин диний сабактарга тартылган. Аялдар медресесинде 40ка жакын аялдар, кыздар билим алып турган. Медерселерге тартылган мектеп курагындагы балдар жана кыздардын бири да мамлекеттик орто мектептерге барышкан эмес. 

Бул медреселерде диний сабактарды диний билими жок мугалимдер алып барышкандыгы аныкталган. 

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулар боюнча актылар жана протоколдор түзүлүп медреселерди уюштурган тараптарга айып пул салынган.  

Мындан тышкары жашы жете элек окуучулар Сузак райондук милициясына жеткирилип, ата-энелер менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү протоколдор түзүлгөн. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here